Азербайжанда билим алган кыргыз аскерлеринин окуу шарттары текшерилди

Коом
873550129_1637536988386395_3820311636651637111_n.jpg
874539800_1637537125053048_1338772852547546537_n.jpg
875936988_1637537071719720_4848458057628625139_n.jpg
877444529_1637536991719728_427798720834773586_n.jpg
877444529_1637537141719713_5276503157458314453_n.jpg
884383515_1637537081719719_560275474676879919_n.jpg
884747470_1637537035053057_7055839830861671410_n.jpg
861994078_1637537025053058_1442339196939179657_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжандын аскердик кызматташтыгын кеңейтүү, биргелешкен машыгууларды өткөрүү жана аскер кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусу талкууланды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев жетектеген делегациянын Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында делегация Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов менен жолукту.

Тараптар аскердик кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, биргелешкен машыгууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатуу багыттарын талкуулашты.

Делегация Жамшид Нахчыванский атындагы аскердик билим берүү мектебинин жана Азербайжандын Улуттук коргонуу университетинин ишмердүүлүгү, окуу базасы жана аскер кадрларын даярдоо системасы менен таанышты.

Сапардын алкагында Гейдар Алиев атындагы Аскер институтунда билим алып жаткан кыргызстандык аскер кызматкерлери менен да жолугушуу өттү. Анда алардын окуу шарттары жана даярдык процесси тууралуу маалымат берилди.