Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн аскердик кызматташтыгы талкууланды

Аймак 15 октябрь 2026 14:20
Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн аскердик кызматташтыгы талкууланды
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 15-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Коргоо министрлер кеңешинин жыйыны өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо министрлери, ошондой эле КМШ катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Анда аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, аскерлердин күжүрмөн даярдыгы, учкучсуз учуучу аппараттарды жана роботтук комплекстерди колдонуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында 2026-жылдагы иштин натыйжаларын чагылдырган документтерге жана КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин 2027-жылга карата иш планына кол коюлду.