Кыргызстанда бир жумада 20 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды

Коом Загрузка... 01 Декабрь 2025 10:25
WhatsApp_Image_2025_o9NVluf.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. 24-ноябрдан  30-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 344 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдииршкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 804;
  • мас абалында унаа башкаруу – 348;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 168;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 785;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 824;
  • авто ээнбаштык – 17;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 124;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 847;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 420 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.