Кыргызстанда балдар үчүн заманбап кол протездери жасалууда

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 13:26
WhatsApp Image 2026-02-10 at 11.43.20.jpeg
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. 2025-жылы 11,5 миңден ашык адам Республикалык протездик-ортопедиялык мекемесинин кызматтарын пайдаланган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 7 пайызга жогору (2024-жылы — 10,7 миң адам).

Бул аралыкта мекеменин ишмердүүлүгүн каржылоого 123 млн сом багытталып, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 10 пайызга көп (2024-жылы — 111,8 млн сом). Каржылоонун көбөйүшү кызмат алуучулардын камтылышын кеңейтүүгө жана протездөө тармагына жаңы технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Учурда бөлүнгөн 97,8 млн сом бюджеттик каражаттын алкагында өндүрүштү модернизациялоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Тиешелүү келишимдердин алкагында эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап жабдууларды жеткирүү ишке ашырылып, кызматкерлерди жаңы станоктордо иштөөгө окутуу уюштурулууда.

Мындан тышкары, алдыңкы технологияларды колдонуу менен жана бейтаптардын жеке муктаждыктарын эске алуу аркылуу ортопедиялык бут кийимдердин жаңы моделдерин, жогорку жана төмөнкү буттар үчүн заманбап протездердин түрлөрүн иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алгач ирет протезисттер тарабынан "Сколково" инновациялык борборунун резиденти болгон "Моторика" компаниясынын балдар үчүн кол протездери — заманбап активдүү тартылуучу "Киби" жана бионикалык "Инди" протездери даярдалды.

Жалпысынан 2023-2025-жылдар аралыгында 34 балага "Киби" жана "Инди" кол протездери жасалып берилди, алардын 76 пайызы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланды.

Ошондой эле Кореянын "Фаблаб" лабораториясы менен өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында 2 чоң жарандын электрондук кол протездери даярдалып, берилди.