Кыргызстанда 5500 бош иш орду бар: Кайсы адистер талап кылынууда?

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 15:24
WhatsApp_Image_2026_Pq6QbQs.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын 1-январына карата 5 миң 547 бош иш орду (вакансия) бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Жумушсуздуктун расмий деңгээли 1,3 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турса, анын ичинен 38,1 миңи жумушсуз деген расмий статуска ээ.

Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ведомствонун коллегиясында өлкөдөгү иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү системасындагы өзгөрүүлөрдүн жалпы динамикасына баа берди. Ал жумушсуздуктун расмий деңгээли 2021-2023-жылдардагы көрсөткүчтөрдөн байкаларлык төмөн экенин белгиледи. Ал эми каттоодо турган жумушсуздардын саны бир жыл ичинде 20 пайыздан ашыкка азайган, бул эмгек рыногундагы чыңалуунун акырындап төмөндөп жатканын билдирет.

Буга иш берүүчүлөр менен талапкерлердин ортосунда мамлекеттин ортомчулугу да белгилүү бир деңгээлде таасир эткен. Өткөн жылы иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 17 454 адам жумушка орноштурулган.

Ошол эле учурда эмгек рыногундагы суроо-талаптын түзүмү бүгүнкү күндө экономика кол өнөрчүлүк жана өндүрүштүк багытка оогонун көрсөтүүдө. Жалпы вакансиялардын ичинен 4 251 орун жумушчу адистиктерине туура келет. Иш берүүчүлөр тигүүчүлөрдү, айдоочуларды, ашпозчуларды, ширетүүчүлөрдү, курулуш профилиндеги адистерди, ошондой эле IT-адистерин издешүүдө.

Ал эми тейлөө тармагында 1 296 бош орун бар. Бул багытта тарбиячылар, медициналык кызматкерлер, бухгалтерлер, администраторлор жана стажёрлор жетишсиз болууда.