Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылы экологиялык иш-чаралардын алкагында 9 миллионго жакын көчөт тигүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев билдирди.
Анын айтымында, бул иштерди жүргүзүү жоопкерчилиги жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн. Көчөттөр тигилгенден кийин аларды сугаруу, күтүү жана санын көбөйтүү иштерин жергиликтүү бийлик камсыздашы керек.
Мусаев ошондой эле 2025-жылы өлкө боюнча 6 миң 21 гектар аянтка 8 млн 239 миң көчөт тигилгенин белгиледи. Бул иш-чаралар жашыл аянттарды көбөйтүү жана курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу боюнча экологиялык демилгелердин алкагында ишке ашырылган.