Кыргызстанда 12 миллиондон ашык архивдик документ санариптештирилди

Коом Загрузка... 13 Май 2026 13:10
WhatsApp_Image_2026_019xla0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын жарандары эми мураскорлук, керээз жана юридикалык жактардын ишмердүүлүгү боюнча нотариалдык документтердин көчүрмөлөрүн, нотариалдык аракет кайсы жерде жасалганына карабастан, өлкө боюнча Юстиция министрлигинин каалаган бөлүмүнөн ала алышат.

Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков "Кабар" агенттигине билдиргендей, бул мүмкүнчүлүк 2024-жылдан тарта "Бирдиктүү электрондук нотариат" системасынын ишке кириши жана 12 миллиондон ашык документтин масштабдуу түрдө санариптештирилиши менен түзүлдү.

"Учурда нотариалдык архивдер Бишкек шаарында, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында иштеп жатат, ал эми республиканын калган облустук борборлорунда аларды түзүү жана санариптештирүү процесси жүрүүдө", - деди ал.

Бул долбоор Юстиция министрлигинин өздүк каражаты жана донорлордун жардамы менен ишке ашырылганы белгиленди.