Кыргызстан жана Түркия: Камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү кадамдары

Коом 26 март 2026 17:55
656061079_1357207789786804_8794365266053012587_n.jpg
658833251_1357207696453480_5574615647416109988_n.jpg
657089279_1357207816453468_781143993183355340_n.jpg
655976427_1357207746453475_7812727789493933345_n.jpg
656691737_1357207673120149_8722605334594861220_n.jpg
654800900_1357207609786822_3419113278360922086_n.jpg
659094186_1357207729786810_711740166152454352_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу

Бишкек, 26.03.26 /Кабар/. Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Чыңгыз Токтобеков Кыргызстандын Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту. 

Башкы консулдуктан билдиришкендей, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн “Silk Road Insurance Forum” эл аралык форумунун алкагында орун алды.

Жолугушууга "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК төрагасынын орун басарлары Салават Садыракунов, Закир Айдралиев, Чүй филиалынын директору Абдуталип Султанов, Ош филиалынын директору Марат Кудайбергенов жана юридикалык башкармалыктын башчысы Дыйканбай Болотбеков катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын камсыздандыруу тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашты. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү Стамбул шаарында өтүп жаткан форумда Түркиянын алдыңкы камсыздандыруу компаниялары менен өз ара кызматташуу маселелерин талкуулады.