Кыргызстан Тажикстан жана Афганистанга бензин экспорттой баштайт

Экономика Загрузка... 18 Март 2026 17:40
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кыргызстан Аи-80 бензинин Тажикстан жана Афганистанга экспорттой баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда ички суроо-талаптын жоктугунан "Кыргызнефтегаз" жана анын туунду ишканасы "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасынын кампаларында күйүүчү майдын запасы топтолуп калган.

"Буга байланыштуу министрлер кабинети жергиликтүү өндүрүштөгү күйүүчү майды экспорттоого убактылуу уруксат берди", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган компаниялар кызматтан кеткен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин таасиринде болуп, анда өндүрүлгөн күйүүчү май жеке компанияларга мажбурлап сатылып келген. Ал кызматтан кеткенден кийин бензиндин кору топтолуп калган.