Ички рынокто жергиликтүү күйүүчү май эмнеге өтпөй калган? Орунбековдун түшүндүрмөсү

Коом Загрузка... 18 Март 2026 16:20
651752747_122100622425024257_4737042661282741022_n.jpg
copyright icon Дайырбек Орунбековдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Кыргызнефтегаз" ишканасында модернизациялоо иштери башталганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ички рынокто суроо-талаптын жоктугуна байланыштуу Аи-80 маркасындагы күйүүчү май коңшу өлкөлөргө экспорттоло баштайт.

Ал белгилегендей, аталган ишкана 1952-жылы түзүлүп, иштеп баштаган. Совет мезгилинде казылган чийки мунай Өзбекстанга жөнөтүлүп, ал жакта кайра иштетилип, бензин жана дизелдик күйүүчү май катары даярдалчу. Союз тарагандан кийин бул процесс токтоп, Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод жок болгондуктан, өндүрүш чектелген.

"1996-жылы ишкана өзүнүн туунду ишканасы "Кыргыз Петролеум Компанини" түзүп, мунайды өлкө ичинде кайра иштетүүнү баштаган. Заводдун жабдыктары эски болгондуктан, мүмкүнчүлүк Аи-80 маркасындагы бензинди жана дизелдик күйүүчү майды өндүрүүгө гана жеткен.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин өлкө евростандарттагы күйүүчү майга (Аи-92, Аи-95, Аи-98) өткөн. Бул күйүүчү май негизинен Россиядан импорттолот. Натыйжада жергиликтүү өндүрүштүн Аи-80 маркасындагы продукциясы ички рынокто суроо-талапка ээ болбой калган", — деп белгиледи ал.

Орунбеков билдиргендей, 2021-жылдан тарта "Кыргызнефтегаз" жана анын туунду ишканасы "Кыргыз Петролеум Компани" Камчыбек Ташиевдин таасиринде болуп, ишканага анын жээни Байгазы Матисаков жетекчи катары келген. Так ошол маалда коррупциялык схема түзүлүп, ири каржылык чыгымдар болгонун Мамлекеттик салык кызматы иликтеп чыккан.

Орунбеков схеманын иштөө механизмин төмөнкүдөй түшүндүрөт:

"Кыргызнефтегаз" казган чийки мунайды "Кыргыз Петролеум Компани" заводу кайра иштетип, киреше табышы керек болчу. Бирок бул эки ишкананын ортосуна Ташиевдин үй-бүлөсү тарабынан түзүлгөн жеке ортомчу компаниялар киргизилип, мунайды кайра иштетүү ошолор аркылуу өткөндөй көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө кайра иштетүүнү мамлекеттик завод аткарганы менен, даяр продукция Ташиевдерге таандык компаниялар аркылуу сатылып, негизги киреше мамлекетке эмес, Ташиевдерге түшүп турган.

Аи-80 бензини жана дизель ички рынокто колдонулбаса да, Ташиевдердин фирмасы мунай менен иштеген жергиликтүү эки ири компанияны аны сатып алууга мажбурлап келишкен. Басым астында сатып алган компаниялар Аи-80 маркасындагы күйүүчү майды Россиядан келген жогорку сапаттагы бензинге аралаштырып, анан элге сатышкан. Муну нефтрейдерлер "шакарап" деп атап коюшат.

Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин жогорудагы эки компания Аи-80 маркасындагы бензинди жана дизелди сатып алууну токтоткон. Учурда "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасынын кампаларында күйүүчү майдын запасы топтолуп калган. Буга байланыштуу өкмөт жергиликтүү өндүрүштөгү күйүүчү майды экспорттоого убактылуу уруксат берди.

Эми "Жунда" жана "Кыргыз Петролеум Компани" ишканаларынан өндүрүлгөн Аи-80 маркасындагы бензин жана дизелдик май Тажикстан менен Ооганстанга экспорттоло баштайт. Ал эми Россиядан импорттолгон евростандарттагы күйүүчү май өлкөдөн сыртка чыгарылбайт.

Мамлекет "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын модернизациялоону баштады, жумуш эки жыл ичинде аяктайт. Завод жаңылангандан кийин евростандарттагы күйүүчү майдын түрлөрүн чыгарып, ички суроо-талапты камсыздай баштайт.