Beeline бөбөктөр үчүн Бишкектен аймактарга чейин чоң майрам даярдап жатат

Бизнес Загрузка... 29 Май 2026 14:53
2560х1440_1июня_кр (1).png
copyright icon Beeline пресс-кызматы

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Жайдын биринчи күнү – кубанычка, күтүлбөгөн белектерге жана балдардын шайыр күлкүсүнө толгон өзгөчө күн. Beeline Улуттук мобилдик оператору кичинекей балдарды жана алардын ата-энелерин Балдарды коргоо күнүнө карата чоң үй-бүлөлүк майрамга чакырат.

Бишкекте майрамдык шоу-программа 1-июнда саат 13:30да Эркиндик бульварында (Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелигинин жанында) башталат. Бул жерде, Beeline компаниясынын жайлуу эс алуу аймагында балдарды көңүлдүү оюндар жана конкурстар, аниматорлордун жаркын шоусу, самын көбүктөрү менен интерактивдүү оюн жана башка көңүл ачуулар күтөт.

Ошондой эле 1-июнда Beeline компаниясынын катышуусунда өлкөнүн аймактарында: Манас, Ош, Талас, Нарын, Каракол жана Баткен шаарларында майрамдык иш-чаралар өтөт. Программада – оюндар, көңүл ачуулар, шарлар жана, албетте, акысыз балмуздак бар. Beeline компаниясынын Instagramдагы расмий баракчасын байкап туруңуз: ал жерде ар кайсы шаарлардагы майрамдардын өткөрүлүү убактысы жана жерлери жөнүндө толук маалымат жарыяланат.

«Үй-бүлө, камкордук, балдарга эң жакшысын берүүгө умтулуу – Кыргызстан элине өзгөчө жакын баалуулуктар, — деп белгиледи компаниянын башкы директору Кубаныч Шатемиров. — Beeline улуттук мобилдик оператор катары бүткүл өлкө боюнча үй-бүлөлөрдү бириктирген жана кубанткан мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулат. Бул балдар майрамы жайдын бактылуу башталышы болуп, узакка эсте калсын».

Бүткүл үй-бүлөңүз менен келиңиз, чогуу убакыт өткөрүңүз, балдарга жаңы таасирлерди тартуулаңыз жана жайды Beeline компаниясынын жаркын стилинде тосуп алыңыз. Кирүү акысыз!

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.