Автордук укук: "Кабар" агенттиги материалдарын колдонуу эрежелерин эскертет

Коом Загрузка... 07 Июнь 2026 22:00
WhatsApp Image 2026-05-28 at 12.56.08.jpeg
copyright icon Кабар

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана интернет-ресурстарга кайрылуу

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги даярдаган материалдарды өз ишмердүүлүгүндө пайдаланып келген массалык маалымат каражаттарына, интернет-платформаларга, блогерлерге жана медиа-ресурстарга ыраазычылык билдирет.

Ошол эле учурда акыркы мезгилде "Кабар" агенттигинин автордук укуктарын бузуу учурлары көбөйүүдө.

Атап айтканда:

  • тексттик материалдарды булакты көрсөтпөстөн жарыялоо;
  • материалдарды көчүрүп басууда агенттиктин сайтына активдүү гипершилтемени жайгаштырбоо;
  • "Кабар" агенттиги даярдаган маектерди агенттикти автор жана укук ээси катары көрсөтпөстөн пайдалануу;
  • фото жана видеоматериалдарды мыйзамсыз колдонуу;
  • видеоматериалдардагы агенттиктин логотибин өчүрүү, бүдөмүктөө же жашыруу.

"Кабар" агенттигинин бардык маалыматтык, фото жана видеоматериалдары автордук укук объектилери болуп саналарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык нормалар менен корголорун эскертебиз.

Агенттиктин материалдарын пайдаланууга төмөнкү шарттар милдеттүү түрдө сакталган учурда гана жол берилет:

  • "Кабар" агенттигин баштапкы булак катары көрсөтүү;
  • тиешелүү материалга активдүү гипершилтеме берүү;
  • фото жана видеоматериалдардагы оригиналдуу логотипти жана башка идентификациялык белгилерди сактоо;
  • материалдарды агенттик менен макулдашпастан бурмалоого, өзгөртүүгө же жаңылыш түшүнүк жарата турган контекстте пайдаланууга жол бербөө.

"Кабар" агенттиги кесиптештердин эмгегин урматтайт жана журналисттик этиканын принциптерин карманат. Биз дагы редакциянын, журналисттердин, операторлордун, фотографтардын жана агенттиктин жалпы жамаатынын эмгегине ушундай эле урмат-сый көрсөтүлөт деп ишенебиз.

Медиа коомчулуктун өкүлдөрүн автордук укук нормаларын, кесиптик этиканы жана материалдарды туура шилтеме берүү эрежелерин сактоого чакырабыз.

Мындан ары да өз ара урматтоого жана конструктивдүү кызматташтыкка үмүт артабыз.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги