Жер маселеси: мыйзамсыз берүү, бир жерге бир нече токтом чыгаруу жана башка көйгөйлөр

Коом 24 сентябрь 2026 23:30
Жер маселеси: мыйзамсыз берүү, бир жерге бир нече токтом чыгаруу жана башка көйгөйлөр
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Жер маселеси боюнча соттук иштерде мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү, бир жерге бир нече токтом чыгаруу, социалдык объекттердин жерлерин жеке менчикке өткөрүү, айыл чарба жана сугат жерлерин башка максатта пайдаланууга берүү, ошондой эле аукцион өткөрбөстөн жер бөлүп берүү сыяктуу мыйзам бузуулар аныкталууда. Мындан тышкары, жер тилкелерин каттоодо жана сотко кайрылуу мөөнөттөрүн сактоодо да кемчиликтер кездешет. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова баяндамасында билдирди.

2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында административдик сотторго 9 миң 328 административдик доо түшкөн. Анын 5 миң 950ү же 63,79 пайызы жер маселелерине байланыштуу болгон.

Ушул мезгилде жер маселелери боюнча Жогорку сотко 2 миң иш келип түшкөн. Анын 1 миң 242си толугу менен, 77си жарым-жартылай канааттандырылган. Бул иштердин 65,81 пайызын түзөт.

Бакированын айтымында, бул көрсөткүчтөр мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде жер маселесине байланыштуу катачылыктар жана мыйзам бузуулар системалуу мүнөздө болуп жатканын көрсөтөт.

Жер мунапысы боюнча да көйгөйлөр бар

Бакирова жер мунапысы жарандардын жерге болгон укуктарын мыйзамдаштырууда маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.

Соттук практикада жерди берүү жана каттоо учурунда мыйзам бузулган учурлар да кездешүүдө. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте жер тилкелерин жок же жасалма документтердин негизинде каттоо, мыйзамда каралбаган документтерди талап кылуу, документтердеги карама-каршылыктарга карабай укукту каттоо, административдик жол-жоболорду сактабоо жана негизсиз чечимдерди кабыл алуу сыяктуу кемчиликтер аныкталган.

Курулуш жана архитектура тармагында болсо керектүү документтерди берүүдөн баш тартууда мыйзамдын кайсы талабы бузулганы көрсөтүлбөгөн, ошондой эле жер тилкелеринин чек аралары туура эмес аныкталган учурлар бар.

Жер берүүдө мыйзам талаптары сакталууга тийиш

Соттор жер тилкесин берүү боюнча чечимдерди кароодо анын категориясын, максаттуу багытын, мамлекеттик же муниципалдык менчикте экенин, аны берүүгө кайсы орган укуктуу болгонун, мыйзамдуу негиздердин бар-жогун, аукцион өткөрүү талаптарын жана зарыл болсо жерди трансформациялоо маселесин текшерет.

“Жер тилкесин берүүдө ушул негиздер эске алынып, административдик актылар кабыл алынышы керек. Бирок сотко келип түшкөн иштердин көрсөткүчтөрү административдик органдар мыйзамсыз административдик актыларды кабыл алып жатканын көрсөтүп турат”, — деди Бакирова.

Жеке турак жай куруу үчүн жер берүүдө жарандардын кезектүүлүгүн сактабоо, кезекке тургандарды каттаган журналдардын жоктугу, жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарынан ашып кетиши жана бир жер тилкесине эки же үч токтом чыгаруу фактылары аныкталууда. Мындан тышкары, жердин категориясына туура келбеген максатта берилиши, коммуналдык ирригациялык объекттердин эске алынбашы жана башкы планга туура келбеген жерлердин бөлүнүшү да соттук талаштарга себеп болууда.

Социалдык объекттердин жана айыл чарба жерлеринин макамы өзгөчө

Мектеп, бала бакча, медициналык мекеме, реабилитациялык борбор сыяктуу социалдык объекттер жайгашкан жерлерди жеке менчикке өткөрүү боюнча да талаштар бар.

“Мэриянын же айыл өкмөтүнүн токтому кабыл алынгандыгы гана жерди мыйзамдуу түрдө жеке менчикке өткөрүүгө негиз боло албайт”, — деп белгиледи Бакирова.

Ошондой эле соттук практикада айыл чарба жана сугат айдоо жерлерин турак жай курууга, соодага, өндүрүшкө жана башка максаттарга берүү боюнча жергиликтүү бийликтин чечимдери талашка түшүүдө.

“Көп учурда айыл өкмөттөр категориясын өздөрү өзгөртүп, жер тилкесин өздөрү жеке менчикке берип койгон учурлар катталууда. Айыл чарба жана сугат айдоо жерлерин башка максатта берүүдө өтө этият болуу керек. Бул маселелер айыл өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктарына кирбейт”, — деди Бакирова.

Жерди башка категорияга которуу жана трансформациялоо тартиби Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен жөнгө салынат. Тиешелүү трансформация жүргүзүлбөсө же аны жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл албаса, жергиликтүү бийликтин мындай чечими сот тарабынан мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн.

Жайыт, токой жана суу фондунун жерлерине атайын талаптар коюлат

Жайыт жана мамлекеттик токой фондунун жерлерин жеке менчикке берүү фактылары да соттук практикада кездешүүдө. Мындай жерлер боюнча жалпы жер мыйзамдары менен катар аларга тиешелүү атайын мыйзамдардын талаптары сакталууга тийиш.

Суу фондунун жана суу коргоо зоналарындагы жерлерди берүүдө да өзгөчө тартип каралган. Соттор жер тилкесинин суу объектине жакындыгын, суу коргоо зонасына кирерин, тиешелүү чектөөлөрдүн сакталганын жана жерди берүүгө кайсы органдын ыйгарым укуктуу болгонун текшерет.

Аукционсуз жер берүү да талаш жаратууда

Муниципалдык жерлерди аукцион өткөрбөстөн жеке менчикке берүү боюнча иштер да каралууда. Мындай учурда соттор аукцион өткөрүлгөнүн, аны өткөрбөөгө мыйзамдуу негиз болгон-болбогонун, жерди берүү тартиби жана тиешелүү документтердин мыйзамдуулугу сакталганын текшерет.

Сотко кайрылуу мөөнөтүн сактоо маанилүү

Бакирова мамлекеттик органдар жана прокуратура тарабынан сотко кайрылуу мөөнөтү өткөрүлүп кеткен учурлар бар экенин да белгиледи. Мындай учурда мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн келтирилген себептер тиешелүү далилдер менен ырасталышы керек.

Анын айтымында, “билген эмес”, “текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталды” деген сыяктуу жалпы түшүндүрмөлөр мөөнөттү калыбына келтирүүгө өзүнөн-өзү негиз боло албайт.

Мындан тышкары, административдик сотто мамлекеттик орган же жергиликтүү бийлик кабыл алган чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөөгө тийиш. Сот отурумдарына тиешелүү даярдыксыз келүү, сот талап кылган документтерди өз убагында бербөө да иштердин созулушуна алып келет.

62 жеке аныктама чыгарылып, 764 миң сом айып пул салынган

2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында административдик соттор 62 жеке аныктама чыгарган. Анын 43ү 2025-жылы, 19у 2026-жылдын биринчи жарымында чыгарылган.

Жеке аныктамалар негизинен жер тилкелерин мыйзам бузуу менен берүү, жарандардын арыздарын жана кезектүүлүгүн сактабоо, соттун талаптарын аткарбоо жана сот отурумдарына жүйөсүз келбей коюу боюнча чыгарылган.

Мындан тышкары, 132 иш боюнча жалпы 764 миң сом айып пул салынган. Алар негизинен сот отурумуна келбөө, соттун талаптарын аткарбоо жана документтерди өз убагында бербөө учурларына байланыштуу болгон.

Бакирова мындай мыйзам бузуулар боюнча жеке аныктама чыгаруу жана айып пул салуу практикасы мындан ары да улантыларын айтып, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарын аныкталган кемчиликтерди жоюуга жана алардын кайталанышына жол бербөөгө чакырды.