Жер маселесинде мыйзам бузууларга жол бербөө керек – Жогорку сот

Коом 24 сентябрь 2026 23:25
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.26 /Кабар/. Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова 2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында административдик соттордо каралган иштердин жарымынан көбү жер маселелерине байланыштуу болгонун билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сотко келип түшкөн иштердин талдоосу жер маселесинде мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кемчиликтер кетирилип жатканын көрсөтүүдө. Ушуга байланыштуу административдик органдардын ишин жакшыртуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бакирова ошондой эле жер маселелерине байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулоо боюнча октябрь айынын аягында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири конференция өткөрүлөрүн айтты.

“Административдик юстициянын негизги максаты — жарандардын укугун мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү органдардын мыйзамсыз аракетинен жана аракетсиздигинен сактоо”, — деди Нургүл Бакирова.