Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты – АК партиянын Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрагасы Куршад Зорлу Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктады.
Ал өз куттуктоосунда өлкөнүн бул ийгилиги түрк дүйнөсүнүн дүйнөлүк аренадагы таасиринин күчөгөнүнүн далили экенин белгиледи.
”Боордош Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышын чын дилибизден куттуктайбыз. Бул жетишкендик — түрк дүйнөсүнүн глобалдык системадагы ролунун өсүп жатканынын кезектеги далили. Кыргызстандын конструктивдүү позициясы жана жоопкерчиликтүү дипломатиясы БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагында тынчтыкты орнотууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө баалуу салым кошоруна ишенебиз”, – деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Түркия тарап Кыргызстандын бул жооптуу миссиясын толук колдой турганын билдирип, боордош өлкөнүн дипломатиялык иштерине ийгиликтерди каалады.