Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту.
Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндөсаясий диалогдун жогорку деңгээлин жана стратегиялык өнөктөштүктүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгилешти.
Өзгөчө көңүл эки мамлекеттин башчылары тарабынан коюлган кыргыз-казак өз ара аракеттенүүсүн союздаштык жана жакшы коңшулук мамилелеринин сапаттуу жаңы деңгээлине чыгаруу боюнча милдеттерди ишке ашырууга бурулду.
Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири миграция чөйрөсү болду. Дипломатиялык миссиянын башчысы эки өлкөнүн жарандарынын жүрүүсү, транзити жана эмгек ишмердиги үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар союздаштык мамилелерди кызматташуунун негизги багыттары боюнча мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Кудайберген Базарбаев элчилик эки тараптуу байланыштарды бекемдөө жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди мындан ары да көрөрүн билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, көп тараптуу жана интеграциялык түзүмдөрдүн алкагында тыгыз өз ара аракеттенүүнү жана бири-бирин колдоону улантууга даяр экендиктерин ырасташты.