Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, парламенттер аралык алакаларды арттыруу, Кыргызстандын делегациясынын ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын ишине катышуусу, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Элвира Сурабалдиева ЕККУ менен практикалык жана мазмундуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Программалык кеңсе менен Жогорку Кеңештин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү жана өлкөнүн, анын ичинен аймактардын конкреттүү муктаждыктарына жооп берген долбоорлорду ишке ашыруу керектигине токтолду.
"Жогорку Кеңеш үчүн ЕККУнун Парламенттик ассамблеясына катышкан мамлекеттердин парламенттеринин ортосунда түз диалог жүргүзүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Кыргыз тарап улуттук делегациянын Парламенттик ассамблеясын ишине активдүү катышуусуна кызыкдар", – деди ал.
Жолугушууда ошондой эле ЕККУнун 2025-жылдагы парламенттик шайлоолорго жүргүзгөн байкоосунун жыйынтыктары жана ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун сунуштамалары талкууланды.
Элвира Сурабалдиева аталган сунуштамалар боюнча, анын ичинен шайлоо жол-жоболорун мындан ары өркүндөтүү маселелеринде конструктивдүү жана кесипкөй диалог жүргүзүү чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.
Өз кезегинде Фолькер Фробарт кыргыз тарап менен конструктивдүү диалогду улантуу жана Жогорку Кеңеш менен кызматташтыкты мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле тараптар Кыргызстандын министрлер кабинети менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин макамы жана ишмердүүлүгү жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча пикир алмашты. Элвира Сурабалдиева тиешелүү комитет белгиленген парламенттик жол-жоболордун алкагында аталган документти кароого даяр экенин айтты.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана конкреттүү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендерин ырасташты.