Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков күн мурун Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бешинчи жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, учурдагы чакырыктар жана коркунучтар, ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө талкууланды.
Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелерине, ошондой эле санариптик технологиялардын жана жасалма интеллекттин тез өнүгүшүнүн шартында маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.
Адилет Орозбеков өз сөзүндө пайда болгон чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында жооп кайтарууну камсыз кылуу үчүн ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы практикалык кызматташтыкты жана маалымат алмашууну андан ары күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жыйындын аягында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маанилүү маселелер тууралуу жана андан аркы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашуулар болду.