Алдыдагы беш жылда жер жүзүн температура боюнча жаңы рекорддор күтүп жатат. Дүйнөлүк метеорологиялык уюм жаңы изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялап, жакынкы жылдары орточо глобалдык температура рекорддук деңгээлде сакталарын билдирди. Демек, дүйнө өлкөлөрү социалдык-экономикалык жашоосун климаттын жаңы шарттарын эске алуу менен уюштурууга мажбур. Ал эми Кыргызстандын тоо күн тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилген Жол картанын негизинде аткарылууда. Анда бир катар ири долбоорлор мерчемделген. Бул арада өнөктөш уюмдар бийик тоолуу айылдарда изилдөө жүргүзүп, акыркы беш жылда климаттын өзгөрүүсү тоолуктардын турмуш-тиричилигине кыйла таасирин тийгизгенин дагы бир жолу тастыкталды.
Изилдөө Нарын облусунун катаал климаттык шарты жана мал чарбачылыгы менен белгилүү Ат-Башы районунда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Бул уюм Кыргызстандын демилгеси менен БУУда жарыяланган 2023-2027-жылдар аралыгында тоо аймактарын өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында биздин өлкөнүн башкы өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

Сурамжылоо Ат-Башы районунда климаттын өзгөрүүсү ачык көрүнүп жана туруктуу мүнөздө экенин көрсөткөн. 2020–2025-жылдар аралыгында кышкы кар, жайкы жаан-чачын азайып, кургакчылык күчөгөн. Ичүүчү жана сугат суулардын жетишсиздиги айыл чарбасына жана калктын бакубаттуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизген.
Ал эми социалдык-экономикалык талдоо айылдык үй чарбалары климаттык шарттарга өтө көз каранды, калктын аялуу катмары жогору, эмгек миграциясы көйгөйү бар экенин көрсөткөн.
Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, климаттын өзгөрүүсүнөн улам пайда болгон суунун жетишсиздиги, жаратылыш ресурстарынын деградациясы жана чектелген адаптация потенциалы айылдагы үй чарбаларына экономикалык жана социалдык кысымдарды күчөттү.
"Сурамжылоодо 2020-жылдан бери Ат-Башы районунун айыл аймактарында кургакчылык башкы климаттык тобокелдик деп бааланды. Изилдөөгө катышкандардын 72% температуранын жогорулаганын, 30-90% жаан-чачын азайып, кургакчылык болуп жатканын, 54% күз эрте келип, үшүктүн жүрүшү көбөйгөнүн белгилешти. Ал эми респонденттердин 65% катуу шамал учурлары көбөйгөнүн айтып жатышат. Жалпысынан дээрлик 98% климаттын өзгөрүшү менен жаан-чачындын азайышы, кургакчылыктын көбөйүшү, жаратылыш ресурстарынын деградациясы жана экстремалдык аба ырайынын күчөгөнүн белгилешти. Ошол эле учурда жергиликтүү жамааттар үчүн эң орчундуу фактор суунун тартыштыгы бойдон калууда, ал айыл чарбасына, мал чарбачылыгына жана калктын бакубаттуулугунун деңгээлине комплекстүү таасирин тийгизет", — деп билдирди Азык-түлүк жана айыл чарба уюму.

Аталган уюм утурумдук суу бассейндерин куруу, жайыттарда кудуктарды казуу, ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү, сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу, арзан насыя берүү сымал чараларды көрүүнү сунуштайт.
Кыргызстандын Жол картасындагы долбоорлор
Тоо элинин климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатуу БУУнун 2023-2027-жылдар аралыгында тоо аймактарын өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттеринего кирген Кыргызстандын Жол картасында да белгиленген.
Тоо күн тартибинин алдыда аткарыла турган долбоорлорунун айрымдары менен тааныштырып өтсөк:
- Тоолуу райондордогу элдин жакырчылык деңгээлин аныктап, картасын түзүү, мектеп, бала бакчасы жок калктуу пункттарды аныктоо;
- Жаратылыш парктарын, коруктарды, зоопарктарды өнүктүрүүгө багытталган "Азия тоо бакчасы" концепциясын ишке ашыруу. Анын алкагында Бишкектеги ботаникалык бак калыбына келтирилип, Нарын шаарында дагы бир ботаникалык бак ачылышы керек;
- Эл аралык деңгээлде Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү. Финансы механизмдери иштелип чыгып, каражат тоолуу экосистемаларды колдоого жумшалышы керек.
- Бишкекте Тоолуу райондорду турукташтыруу боюнча глобалдык борбор түзүү. Борбор илимий жана эксперттик потенциалды өнүктүрүүгө, климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондоо эле климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу, анын кесепеттерин жумшартуу, жоготууларды жана зыянды азайтуу үчүн жергиликтүү деңгээлдеги практикалык чечимдерди киргизүүгө өбөлгө түзөт деп болжолдонууда.
- Кыргызстанда Тоо илимий борборун куруу. Анда суу ресурстары, геофизика, тоо медицинасы, климатология жана экология боюнча адистешкен институттар жана изилдөө бөлүмдөрү иш алып барат. Ал 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк тоо саммитинин алкагында ишке киргизилмекчи.
- 2030-жылга чейин Кыргызстандын 2006-жылдагы Кызыл китебин жаңыртуу;
- Тышкы карызды жашыл демилгелерге алмашуу механизмин иштеп чыгып, колдонуу жана башкалар.
Мөңгүлөрдүн улуттук парктарын түзүү демилгеси
Жогоруда мерчемделген кадамдардын баары толук аткарылып, көрсөткүчтөр жакшыртылышы керек. Ал дүйнөлүк өнөктөштөрдүн, эл аралык донорлордун көз алдында биздин өлкөнүн климаттык иш-чараларды жүргүзүү дараметин арттырып, инвестициялардын келишине шарт түзөт. Бул туурасында "Жашыл энергетика" коомдук фондунун төрайымы, эколог Анаркүл Султангазиева "Кабар" агенттигине билдирди.

"БУУнун тоолуу аймактар боюнча беш жылдыгынын алкагында жүрүп жаткан иштерди толук колдойм. Абдан зарыл. Мисалы, мөңгү маселеси, суу коопсуздугу боюнча мен көп жылдан бери иштеп келем. Американын Монтана штатында Глейшер аттуу улуттук мөңгүлөр паркы бар. Курамында болгону 37 мөңгүнү камтып, бюджетке эбегейсиз чоң акчаларды алып келет экен. А биздин Кыргызстанда мөңгүлөрдүн саны 9 миңге жакын. Түштүк жакта бир, түндүк жакта бир улуттук мөңгүлөр паркын түзүп койсок болот эле. Ал президенттин алдында иштеп, ири донорлор каржыласа, тоо инфраструктурасы оңолмок, туруктуу туризм, экологиялык туризм өнүкмөк. Бизде Самарканддагыдай тарыхый кооз имараттар жок, мактанарлык мөңгүлөрүбүз, көлүбүз жана табиятыбыз эле бар. Мөңгүлөр паркынан түшкөн каражат кайра эле түбөлүк муздарды сактоого, мониторингди күчөтүүгө, жабдыктарды алууга, адистерди тартууга, алардын айлыгын төлөөгө жумшалат эле. Айтмакчы, гляциолог, гидрогеолог сымал адистерди даярдоо зарылчылыгы турат. Аларга мотивация берип, соцпакеттер менен коргоп, мөңгүлөрдүн кеңири изилденүүсүнө шарт түзүү керек. Изилдөөлөр жагдайдын кайсы деңгээлде экенин эскертип, чара көрүү ыкчамдыгын тездетет.
Ошондой эле жашыл технологиялар боюнча адистерди да даярдоо керек. Техникаларды орнотуу, иштетүү, тейлөө боюнча он чакты фирма жалаң Бишкек менен Чүйдө орун алган. Аймак элинин жашыл технологияларга өтүү каалоосу болуп, бирок аны тейлөөчү адистер жок болсо, иш жылбайт. Анын үстүнө жашыл технологияларга суроо-талап күчөдү, баасы арзандады, эл билип калды. Бирок адисти Бишкектен алып баруу кымбатка турат", — деди эколог Анаркүл Султангазиева.

Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер (2023–2027) Кыргызстандын демилгеси менен жарыяланган глобалдык демилге. Аталган беш жылдык тоолуу экосистемаларга жана жамааттарга байланыштуу глобалдык маселелерди эл аралык күн тартибине чыгарууну көздөйт. Беш жыл ичинде жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу, инвестиция тартуу демилгелери сунушталууда. Учурда Кыргызстан 2027-жылы "Бишкек+25" аттуу Экинчи тоо саммитин өткөрүүгө даярдык көрүүдө.