Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайлангандыгы менен куттуктады.
“Бул маанилүү жетишкендик Кыргызстандын жогорку эл аралык аброюн, тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого, туруктуу өнүгүү жана көп тараптуу кызматташтыкка кошкон ырааттуу салымынын таанылгандыгынын айкын далили болуп саналат.
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишине катышуусу Шанхай кызматташтык уюмунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген өз ара урматтоо, тең укуктуу диалог жана актуалдуу эл аралык көйгөйлөрдү биргелешип чечүү принциптерин илгерилетүүгө өбөлгө болоруна ишенем.
Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.