Катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу жаңысына алмаштырылууда - мэрия

Коом 10 июнь 2026 23:00
Катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу жаңысына алмаштырылууда - мэрия
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиева

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Катуу шамалдан бүгүн Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу жабыркаган.

"Кабар" агенттигине мэриядан билдиришкендей, учурда желек "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан жаңысына алмаштырылууда.

Белгилей кетсек, ӨКМ саналуу саат мурун Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун кабарлаган.