БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүк: Мааниси жана артыкчылыктары

Саясат Загрузка... 04 Июнь 2026 19:00
494458520_1220758893392076_7886597801926408871_n.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

2026-жылдын 3-июну Кыргызстандын тарыхында маанилүү күндөрдүн бири болуп калды. Бул күнү Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында өлкөбүз 142 добуш менен ишенимдүү жеңишке жетти. Кыргызстандын аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат. Эксперттер БУУга мүчө мамлекеттердин басымдуу бөлүгүнүн Кыргызстанга көрсөтүлгөн мындай ишеними өлкөнүн эл аралык аброюнун жогорулаганын көрсөтөт деп белгилешүүдө. “Кабар” агенттиги дал ушул БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого жооптуу БУУнун негизги органы болуп саналат. Коопсуздук кеңеши 15 мүчөдөн турат, анын бешөө туруктуу, ону туруктуу эмес.

  • Туруктуу 5 мүчөсү: Россия, Кытай, АКШ, Улуу Британия, жана Франция. Алар БУУ түзүлгөн 1945-жылдан бери туруктуу негизде өз ордун ээлеп келет.
  • Ал эми туруктуу эмес 10 мүчө өлкөлөр эки жылдык мөөнөткө шайланышат.
WhatsApp_Image_2026-06-03_at_20.21.52.width-800

Күн мурун, 3-июнда уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасындагы түз эфирдеги жыйынында шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында Кыргызстан 142 добуш менен алдыга озуп чыкты. Ал эми Филиппин 49 добуш алды.

Кыргызстан сыяктуу туруктуу эмес мүчө болуп ушул эле күнү Австрия, Португалия, Тринидад жана Тобаго, Зимбабве эки жылдык мөөнөткө шайланды.

713443787_1406295191525247_4058326051652371402_n

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы эгемендүү өлкөнүн тарыхындагы тышкы саясаттын чоң ийгилиги. Бул тууралуу саясат таануучу Шерадил Бактыгулов “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан мындай эң чоң жетишкендикке президент Садыр Жапаров жүргүзгөн тышкы саясаттын аркасында жете алды.

“191 өлкөнүн ичинен 142 добуш алуу Кыргызстандын эл аралык аренадагы позитивдүү имиджин далилдейт. Анткени көптөгөн өлкөлөр бул мамлекеттин дүйнөлүк коопсуздукка кошкон салымына ишенимин билдиришкен. Бул өзгөчө Кыргызстан сыяктуу ири экономикалык же аскердик күчкө ээ эмес мамлекет үчүн чоң дипломатиялык жеңиш болуп эсептелет. 191 өлкөнүн ичинен 142 добуш алуу дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанга болгон ишениминин көрсөткүчү. Бул Кыргызстандын саясаттагы салмагын дагы да арттырат”, - деди ал.
2022-06-20_11-02-51.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Ошондой эле саясат таануучу Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен бир катар мүмкүнчүлүктөргө ээ болорун айтты.

“Биринчиден, саясий таасир күчөйт. Коопсуздук кеңеши дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукка байланыштуу чечимдерди кабыл алат. Экинчиден, Коопсуздук кеңешиндеги өкүлчүлүк Кыргызстанга эл аралык каржы институттарынан, донор өлкөлөрдөн көбүрөк колдоо алууга шарт түзөт. Кыргызстан өзү үчүн маанилүү болгон аймактык коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу маселелерди дүйнөлүк деңгээлде көтөрө алат. Үчүнчүдөн, БУУнун механизмдеринде иштөө кыргыз дипломаттарына баалуу тажрыйба берет, бул узак мөөнөттө мамлекеттин тышкы саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатат”, - деп эсептейт Шерадил Бактыгулов.

“Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайлануу өлкөгө көрсөтүлгөн жогорку ишенимдин белгиси экенин билдирди.

710799400_1309765038003382_7861101126817276150_n.jpg

Эл өкүлүнүн пикиринде, өлкөбүз биринчи жолу дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздук маселелери каралуучу эң маанилүү эл аралык органга мүчө болуп жатат. Бул Кыргызстанга глобалдык деңгээлдеги маселелерди талкуулоого жана чечимдерди кабыл алууга катышууга, ошондой эле Борбор Азиянын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Коопсуздук кеңеши БУУнун эң таасирдүү органдарынын бири болуп саналат. Ага мүчө болуу өлкөгө көрсөтүлгөн жогорку ишенимдин белгиси. Бул Кыргызстан үчүн чоң сыймык гана эмес, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого салым кошуу боюнча чоң жоопкерчилик дагы болуп эсептелет. Кыргызстанды 142 мамлекеттин колдоосу өлкөбүздүн эл аралык аброюнун өсүп жатканын жана жүргүзүп жаткан тышкы саясатына болгон ишенимди көрсөтөт. Бул кыргыз дипломатиясынын жана мамлекетибиздин эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү аракеттеринин жогорку баасы”, - деди эл өкүлү.

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен өлкөнүн эл аралык аренадагы ордун жана кадыр-баркын мындан ары да бекемдетет деп айтылууда.

Мурдагы тышкы иштер министри, коомдук жана саясий ишмер Аликбек Жекшенкуловдун баамында, бул тарыхый окуяны өлкөдө аткарылган көп жылдык эмгектин үзүрү деп атасак болот.

“Бул кыргыз дипломатиясы үчүн чоң жетишкендик, өлкөнүн эл аралык кадыр-баркын чыңдоо жана улуттук кызыкчылыктарын алга жылдыруу боюнча көп жылдык ишинин натыйжасы”, - деди Жекшенкулов.

БУУга мүчө 191 өлкө добуш берүүдө талапкер болгон мамлекеттин туруктуулугун, экономикасын, эл аралык мамилелерин, дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алышканын эксперттер белгилешет.

Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаев да өлкөнүн уюмдун жогорку органына мүчө болушу соңку жылдардын ичинде жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаттын туура жүргүзүлгөнүнүн жыйынтыгы деп айтат.

Анын пикиринде, Кыргызстан соңку жылдары биздин региондо, жалпы эле дүйнөлүк маселелерде мамлекет катары өзүнүн позициясын, көз карашын туура айтып, көз карандысыз эгемен өлкө катары туруктуу алдыга кетип жаткандыгынын белгиси.

66a3affc-37f4-4dbd-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014
"Мисалы, биринчиден, мамлекет башчыбыздын түздөн-түз салымынын натыйжасында өлкөбүздө чек ара маселеси чечилди. Тагырак айтканда, Борбор Азияда соңку 30 жыл бою конфликтке, ич ара жаңжалга алып келген чек ара маселеси так чечилди. Экинчиден, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн өз ара бириккен регионалдык уюмга айлануусунун биринчи этабы ишке ашты. Мында Кыргызстандын ролу абдан чоң болду. Бардыгын дүйнө өлкөлөрү көрүп турат. Бул көз карандысыз, ошол эле мезгилде келечекти ойлогон саясаттын жыйынтыгы. Кыргызстандын дүйнөлүк деңгээлде өз ордун таап, туруктуу өнүгүү жолуна түшүп жаткандыгынын белгиси. Биз ушундай жеңишке, дүйнөлүк колдоого ээ болдук. БУУга туруктуу эмес мүчөлүктү экономикалык өнүгүү багытында да колдонсок болот. Себеби, экономикалык өнүгүү бул тышкы инвестициянын келишине түздөн-түз байланыштуу. Ал эми тыштан инвестиция качан гана Кыргызстанды көп өлкөлөр тааныса, өлкөдө туруктуулук болсо гана келет. Бул сөзсүз түрдө өлкөдөгү экономикалык өнүгүүгө, сырттан инвестициянын келишине оң таасирин тийгизет", - деп белгиледи Аманбаев.

Ошондой эле ал эми БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары Кыргызстан 2 жылдын ичинде олуттуу маселелерди чечүүдө кызмат кыларына токтолуп өттү.

“Биз айрыкча өзүбүздүн аймак Борбор Азия регионунун маселелерин көтөрсөк болот. Мындан тышкары, жалпы адамзатка тиешелүү маанилүү маселелер боюнча өзүбүздүн үнүбүздү айта алабыз. Бул өтө чоң тарыхый мүмкүнчүлүк. Биз ушунун бардыгын туура колдонобуз деп ишенем”, - деди Бактыбек Аманбаев.

Эксперттер жана коомдук ишмерлер 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болгон Кыргызстан эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык климат маселелеринин чечүүгө артыкчылык берерине ишеним билдиришүүдө.