Элчи Абдылдаев Венгрия президентине Ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 1 октябрь 2026 16:00
400f1162-13db-4f09-b1aa-719130491b7a.jpg
756c473b-07e1-47ca-9e8d-a4dbf6d8ec32.jpg
c41ac770-e323-49ed-b79b-6348bc015d2e.jpg
0511434f-4615-4bb9-9efe-3df1956e841f.jpg
Алдыга
Артка
400f1162-13db-4f09-b1aa-719130491b7a.jpg
756c473b-07e1-47ca-9e8d-a4dbf6d8ec32.jpg
c41ac770-e323-49ed-b79b-6348bc015d2e.jpg
0511434f-4615-4bb9-9efe-3df1956e841f.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Будапешт шаарындагы Шандор сарайында өткөн салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага Ишеним грамоталарын тапшырды.

ТИМден билдиришкендей, аземдин жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев Венгриянын президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламдарын жана эң жакшы каалоолорун, ошондой эле достук мамиледеги мажар элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалоолорун жеткирди.

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин элчи менен Венгриянын президентинин кыскача маеги болуп, анын жүрүшүндө кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Расмий программанын соңунда элчи Эрлан Абдылдаев Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтында гүлчамбар коюу аземине катышты.