Эр-Риядда кыргыз-сауд парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Саясат 30 сентябрь 2026 15:20
a6f6b170-5fd5-49cb-95b6-ba97a38b19da.jpg
12f96276-935e-4f5d-875f-606135fde9bc.jpg
Алдыга
Артка
a6f6b170-5fd5-49cb-95b6-ba97a38b19da.jpg
12f96276-935e-4f5d-875f-606135fde9bc.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын Консультативдик кеңешинин (парламент) парламенттик достук тобунун төрагасы доктор Абдель Азиз бин Ибрахим Аль-Мухана жана Достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын элдеринин ортосундагы мамилелердин терең тарыхый, маданий жана диний тамырлары, ошондой эле эки тараптуу байланыштардын динамикалуу өнүгүүсү белгиленди.

Тараптар парламентаралык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштарды талкуулады.

Өз ара сапарларды кошо алганда, парламенттер аралык байланыштарды мындан ары жандандырууга өз ара кызыкдарлык тастыкталды.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.