Кыргызстан менен Египет парламент аралык достук топторун түзүүнү макулдашты

Саясат 30 сентябрь 2026 15:00
Кыргызстан менен Египет парламент аралык достук топторун түзүүнү макулдашты
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Күн мурун Каир шаарында Кыргызстандын Египеттеги элчиси Талгат Аширбеков Египеттин Тышкы иштер министрлигинин парламенттик маселелер боюнча орун басары Шади Аль-Шаркави менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-египет мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө, парламенттердин ортосунда өз ара сапарларды уюштурууга жана мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен алмашууга көмөк көрсөтүүгө бурулду.

Бул контекстте тараптар Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Египеттин парламентинин ортосундагы парламенттер аралык достук топторун түзүү боюнча ишти улантууга макулдашты.

Тараптар парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн, ошондой эле пикир алмашуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдөөгө көмөктөшүүгө даяр экендигин ырасташты.