Бишкек менен Чуңкурчакты байланыштырган альтернативдүү жол курулат

Коом
Бишкек менен Чуңкурчакты байланыштырган альтернативдүү жол курулат

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда Бишкек - Чуңкурчак альтернативдүү унаа жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Бишкек менен Чуңкурчакты байланыштырган альтернативдүү жол курулат

Анын айтымында, учурда жолдун долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Жаңы трасса төрт тилкелүү болуп, борбор калаа менен эл көп барган тоолуу эс алуу жайы Чуңкурчактын ортосундагы транспорттук байланышты кыйла жакшыртат.

Белгиленгендей, жол калктуу конуштарды айланып өтүп, Бишкектен Чуңкурчакка түз чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мунун аркасында жол жүрүү убактысы кыскарып, учурдагы жолдордогу транспорттук жүк азаят.

Бишкек менен Чуңкурчакты байланыштырган альтернативдүү жол курулат

Эске салсак, бүгүн транспорт министри Талантбек Солтобаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа-долбоорунун алкагында бир катар объектилерди кыдырууда. Бул долбоор министрликтин ишмердүүлүгү жана жер-жерлерде ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.