Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда сүттү кайра иштетүүчү жана сүт азыктарын өндүрүүчү жаңы завод курулууда.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, долбоорго тартылган инвестициянын көлөмү 7,7 млн долларды түзөт.
Күн мурун агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.
Жаңы заводдун ишке кириши ата мекендик сүттү кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүп, кошумча жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт. Ошондой эле эл аралык сапат стандарттарына жооп берген, экспортко багытталган сүт азыктарын өндүрүү пландалууда.