Кыргызстан санариптик активдердин эсебинен олуттуу өсүшкө жетиши мүмкүн

Экономика Загрузка... 21 Апрель 2026 10:55
7.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Жакынкы жылдары криптоиндустриянын өнүгүшү менен Кыргызстан бир катар олуттуу экономикалык натыйжаларга жетиши мүмкүн. Бул тууралуу экономист-эксперт Кубан Чороев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эң алгачкы жыйынтыктардын бири салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү болот. "2025-жылдын ичинде эле крипто тармак бюджетке 1,7 млрд сомго жакын каражат берди, ал эми тармак андан ары өнүксө, бул көрсөткүч бир нече эсеге өсүшү мүмкүн", - деди ал.

Дагы бир маанилүү артыкчылык катары эксперт акча которуулардын арзандашын атады. "Эгерде салттуу банктык жана төлөм системалары 3-7 пайыз деңгээлинде комиссия кармаса, стейблкоиндер аркылуу которуулар пайыздын бир аз эле бөлүгүн түзөт. Бул миллиондогон үй-бүлөлөрдүн каражатын олуттуу үнөмдөөгө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Чороев.

Ошондой эле виртуалдык активдердин лицензияланган кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн келиши күтүлүүдө. Эксперттин айтымында, ар бир жаңы компания IT, юриспруденция жана комплаенс тармактарында жумуш орундарын түзүп, кошумча салыктык түшүүлөрдү камсыз кылат.

Кыргызстандын USDKG жана KGST стейблкоиндердин ири эл аралык крипто-биржаларга чыгышы өсүштүн өзгөчө фактору болушу мүмкүн. Бул өлкөнүн санариптик активдердин дүйнөлүк рыногунда таанылышын жогорулатат.

Мындан тышкары, ал белгилегендей өлкөдө алтынды, кыймылсыз мүлктү жана айыл чарба продукцияларын камтыган реалдуу активдерди токенизациялоо боюнча пилоттук долбоорлор үчүн укуктук база түзүлгөн.

Жалпысынан, эксперттин баамында, жакынкы үч жылдын ичинде Бишкекте толук кандуу финтех-кластери калыптанышы мүмкүн. Ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы кыймылдаткыч күчү болмокчу.