Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Москвада абройлуу Russian Traveler Awards туризм сыйлыгын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан кесипкөй калыстар тобунун баалоосу боюнча сыйлыктын "Чет өлкөгө саякат" категориясында биринчи орунду ээледи.
Элчи Кубанычбек Бөкөнтаев абройлуу сыйлыкты алып жатып, Кыргызстан туристтик потенциалды өнүктүрүүгө жана туристтик кызматтарды жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Көрүлүп жаткан чаралардын жана аракеттердин аркасында Кыргызстандын туристтик өлкө катары жагымдуулугу жыл сайын өсүүдө.
"Бүгүнкү күндө лыжа кластерин өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалууда. Кышкы эс алууну жайылтууга багытталган бир катар ири долбоорлор башталды, анын ичинде Борбор Азиядагы эң ири дүйнөлүк деңгээлдеги бардык мезгилге ылайыктуу лыжа курорту болгон "Ала-Тоо Резорт" кластеринин курулушу жүрүп жатат", - деген элчи каалоочуларды көчмөн маданиятты чагылдырган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Маалымат үчүн: 2025-жыл Russian Traveler Awards сыйлыктарынын төртүнчү жылы. Россиянын 50 аймагынан, КМШдан жана башка өлкөлөрдөн 560тан ашык арыз берилген. Добуш берүүгө 22 категория боюнча бир миллиондон ашык колдонуучу катышкан. "Чет өлкөгө саякат" категориясында Кыргызстан менен катар Беларусь, Түштүк Корея, Кытай, Азербайжан, Өзбекстан, Армения, Оман, Дубай жана башка өлкөлөр да болгон.