Кыргызстан менен Россия өнөр жай жана энергетика тармагындагы долбоорлорду карашты

Министрлер кабинети 06 Июль 2026 14:30
6a4b65fab6f0b.jpeg
6a4b65fccd6e7.jpeg
6a4b660328c5c.jpeg
Алдыга
Артка
6a4b65fab6f0b.jpeg
6a4b65fccd6e7.jpeg
6a4b660328c5c.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өттү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлде активдүү саясий диалог жүргүзүлүп жатканын, соода-экономикалык жана аймактар аралык кызматташтык ырааттуу өнүгүп, масштабдуу биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилөө менен, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди ушул жылдын август айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Алдыда боло турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз-Россия экономикалык форуму, ошондой эле Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы өткөрүлөт.

Өз кезегинде Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташуусунун күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өзгөчө соода-экономикалык, ошондой эле отун-энергетика комплекси, транспорт, курулуш, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташууга көңүл бурулду.