Өлкөдө күйүүчү май кору жана баа саясаты көзөмөлдө

Министрлер кабинети 29 сентябрь 2026 09:45
6aba5cddad643 (1).jpeg
6aba5cee1f741.jpeg
6aba5ced5dcac.jpeg
6aba5cec79025.jpeg
6aba5ceb07737.jpeg
6aba5ce9f2cc0.jpeg
6aba5cdf43220.jpeg
6aba5cd6d7956.jpeg
Алдыга
Артка
6aba5cddad643 (1).jpeg
6aba5cee1f741.jpeg
6aba5ced5dcac.jpeg
6aba5cec79025.jpeg
6aba5ceb07737.jpeg
6aba5ce9f2cc0.jpeg
6aba5cdf43220.jpeg
6aba5cd6d7956.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети
Кабар

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы учурдагы абал, анын ичинде бензиндин коруктары, жеткирүү көлөмдөрү, баа саясаты жана ички рынокту туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды.

Буга чейин белгиленгендей, мунай продуктуларын жеткирүүчү компанияларга мамлекеттик субсидияларды берүү боюнча иштер уланууда. Тактап айтканда, келишимдерге жараша бензинге субсидиянын өлчөмү АИ-92 үлгүсүндөгү литрине — 17,16 сомдон 30,88 сомго чейин, дизелдик отунга — 13,06 сомдон 42,27 сомго чейин, ал эми суюлтулган газга — 46 тыйындан 1,40 сомго чейинки сумманы түзөт.

Жыйындан соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыздоону уюштуруу, жеткирүү көлөмдөрүнө жана коруктарга көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле тартыштыктын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.