Чүйдө индустриалдык парк жана Таласта мунай сактоочу жай курулат

Министрлер кабинети 28 сентябрь 2026 18:40
6aba505607aec.jpeg
6aba5055c2948.jpeg
6aba5053e67fd.jpeg
6aba50538c051.jpeg
6aba50524e172.jpeg
6aba505249a5d.jpeg
6aba5050cd82b.jpeg
Алдыга
Артка
6aba505607aec.jpeg
6aba5055c2948.jpeg
6aba5053e67fd.jpeg
6aba50538c051.jpeg
6aba50524e172.jpeg
6aba505249a5d.jpeg
6aba5050cd82b.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө стратегиялык инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү, Чүй облусунда биринчи индустриалдык паркты түзүү, ошондой эле ата мекендик машина куроо жана айыл чарба тармактарын мамлекеттик колдоо чаралары каралды.

Кеңешменин алкагында Токмок шаарында LOVOL тракторлорун чогултуу иштерин жүргүзгөн "АгромашХолдинг-ТехСервис" ишканасын колдоо маселеси каралды. 

Ата мекендик айыл чарба техникаларын сатып алууну стимулдаштыруу механизмдери, анын ичинде жеңилдетилген лизингди колдонуудагы программаларды өркүндөтүү аркылуу колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, жаңы ишканаларды жайгаштырууга жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган индустриалдык парк түзүү, мындан тышкары Талас облусунун аймагында мунай сактоочу жай куруу маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жооптуу мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана жогоруда аталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча ишти улантуу тапшырылды.