Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Катар мамлекетинин борборунда Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын колдоосу аркылуу башталган 9-Дүйнөлүк инвестициялык форумунун ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев форумдун “Евразия экономикалык биримдигинин аймагына инвестициялар” аттуу негизги панелдик сессиясына катышты.
Сессияда өзгөрүп жаткан глобалдык түзүмдүн шартында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) интеграциялык бирикмесинин келечеги, чек ара аралык инфраструктураны өнүктүрүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу маселелери каралды.
Панелдик талкууда негизги баяндамачы катары сөз сүйлөп жатып, Данияр Амангелдиев Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы стратегиялык ролун белгиледи. Ал биримдиктин рыногу өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү, өнөр жай кызматташтыгын чыңдоо жана кеңири керектөөчүлөр чөйрөсүнө жетүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү берерин айтты.
Ал Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн негизи экспортко багытталган кызмат көрсөтүү жана өнөр жай модели болорун, анда негизги басым кызматтарды жана кошумча наркы жогору болгон өнөр жай товарларын экспорттоого жасаларын белгиледи.
Ал ошондой эле учурда ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программалар жана түзүмдүк реформалар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун ырааттуу түрдө жогорулатууга багытталганын белгиледи.
Кыргызстандын делегациясынын БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын 9-Дүйнөлүк инвестициялык форумуна катышуусу — өлкөнүн туруктуу өнүгүү принциптерине таянуу менен, көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана глобалдык каржы чынжырларына интеграцияланууга болгон умтулуусун дагы бир жолу ырастайт.
"Келечекке инвестиция салуу" темасынын алкагында өткөн бул глобалдык иш-чара туруктуу каржылоо, санариптик трансформация жана экономикалык кыйынчылыктарды жеңүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн бир катар өлкөнүн лидерлерин, министрлерин, ошондой эле ири дүйнөлүк компаниялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин чогултту.