Касымалиев футбол боюнча улуттук кураманын жеңишине күбө болду

Министрлер кабинети 29 сентябрь 2026 10:10
6aba95166ab27.jpeg
6aba9513d0f1b.jpeg
6aba9510ab6bc (1).jpeg
6aba951728d99.jpeg
6aba951682759.jpeg
6aba95154ca0d.jpeg
6aba95151103e.jpeg
6aba9514a9c0d.jpeg
6aba9514821e4.jpeg
6aba9513bfef4.jpeg
6aba95130ecca.jpeg
6aba9512c35e1.jpeg
6aba9511e955c.jpeg
6aba9510f2837.jpeg
6aba9510ab6bc.jpeg
Алдыга
Артка
6aba95166ab27.jpeg
6aba9513d0f1b.jpeg
6aba9510ab6bc (1).jpeg
6aba951728d99.jpeg
6aba951682759.jpeg
6aba95154ca0d.jpeg
6aba95151103e.jpeg
6aba9514a9c0d.jpeg
6aba9514821e4.jpeg
6aba9513bfef4.jpeg
6aba95130ecca.jpeg
6aba9512c35e1.jpeg
6aba9511e955c.jpeg
6aba9510f2837.jpeg
6aba9510ab6bc.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын эл аралык даталары алкагында Мальдив Республикасынын курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Беттешке министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев катышып, улуттук курама командага колдоо көрсөттү.

Бул оюн улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп жаңы дайындалган Урмат Абдукаимов үчүн алгачкы беттеш болду. Жолдоштук беттеш 5:0 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасы 4-октябрда Ливандын курама командасына каршы дагы бир беттеш өткөрөт. Бул жолдоштук оюндар 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык баскычына даярдыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат.