Кыргызстан менен Мальдив аралдары түз аба каттамын ачууга кызыкдар

Коом 24 февраль 2026 11:30
2.JPG.jpeg
10.JPG.jpeg
8.JPG.jpeg
7.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
2.JPG.jpeg
10.JPG.jpeg
8.JPG.jpeg
7.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мальдивдин тышкы иштер министри Абдулла Халил менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 23-февралда Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттерине катышуунун алкагында өттү.

Тараптар саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөөнү талкуулашты. Ошондой эле эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары Кыргызстан менен Мальдивдин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүүгө жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Жолугушуунун аягында Кулубаев мальдив тарапты 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылдын октябрь айында өткөрүлө турган II Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.