Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин жолугушуусу болуп өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, анда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен 31-августта Бишкек шаарында өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашырууга бурулду.
Тараптар кыргыз-иран мамилелерин мындан ары чыңдоонун жана эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.