Кыргызстан менен Европа биримдиги биргелешкен демилгелерди ишке ашырат

Коом 25 сентябрь 2026 11:30
Кыргызстан менен Европа биримдиги биргелешкен демилгелерди ишке ашырат
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Кая Каллас менен жолугушту. 

Ведомстводон билдиришкендей, анда тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Экономикалык өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде аймактык форматта, тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багытталган транспорт, энергетика, жашыл экономика жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, соода, инвестиция жана транспорттук байланыш чөйрөлөрүндө кызматташтыкты бекемдөөгө Кыргызстандын умтулуусун ырастады. 

Өз кезегинде Кая Каллас эки тараптуу саясий кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган демилгелерди колдоп, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүгө европалык тараптын даярдыгын ырастады. 

Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин жогорку өкүлүнө санкцияларды мүмкүн айланып өтүүнү болтурбоо боюнча кыргыз тарабынын аткарылып жаткан иштери тууралуу өзүнчө жана кеңири маалымат берип, бул маселе тууралуу Кыргызстанды объективдүү позициясын ЕБге мүчө мамлекеттерге жана тиешелүү түзүмдөргө жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар санкциялар темасы боюнча ишти улантуу, келип чыккан суроолорду өз убагында кароо жана өз ара ыңгайлуу чечимдерди иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен программаларды жана демилгелерди ишке ашыруу үчүн активдүү диалогду улантууну макулдашты. Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөнү мындан ары талкуулоо максатында европалык кесиптешин Кыргызстанга чакырды.