Кыргызстан менен ЕККУ конструктивдүү кызматташтыкты бекемдейт

Министрлер кабинети 20 Февраль 2026 15:20
69980fb324e59 (1).jpg
69980fbee2779.jpg
69980fbed62a7.jpg
69980fbebcc1c.jpg
69980fbeb9083.jpg
69980fbe9d490.jpg
69980fbe5cb4e.jpg
Алдыга
Артка
69980fb324e59 (1).jpg
69980fbee2779.jpg
69980fbed62a7.jpg
69980fbebcc1c.jpg
69980fbeb9083.jpg
69980fbe9d490.jpg
69980fbe5cb4e.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробат менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Эдил Байсалов элчини дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ал Кыргызстан ЕККУну коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча тең укуктуу жана өз ара сыйлашуу диалогу үчүн маанилүү аянтча катары карарын белгилеп, өлкөнүн демократиялык принциптерге, мыйзам үстөмдүгүнө жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоого берилгендигин ырастады.

Тараптар өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү, ошондой эле сот жана укук коргоо системаларын реформалоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Академиясын андан ары өнүктүрүү, анын ичинде анын институционалдык түзүлүшү жана салыктык аспектилерин жөнгө салуу маселелери каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өз ара даярдык ырасталды.