Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык тармактагы баракчасына 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен өлкөдө 5 500 тонна балык тоюту өндүрүлгөнүн жазды.
Касымалиев бүгүнкү күндө республикада балык жемин чыгарган төрт ишкана ийгиликтүү иштеп жатканын айтып, алардын жалпы жылдык кубаттуулугу 67–73 миң тоннаны түзөрүн белгиледи.
"Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу. Бизде “өндүрүш жок” дегендер четтен чыгат. Өндүрүш жолго коюлуп иштеп баштаса аны баса калып, каралашат. Анан кантип өнүгүү болот?
5-6 импорт жем ташыган жеке компаниялардын кызыкчылыктарынан жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы ар дайым жогору турушу керек. Мындан ары импорт болбойт. Балык өндүрүүчүлөр ата мекендик тоютту алыңыздар", - деп жазды минкаб төрагасы.