Минкаб төрагасы: Балык жеми импорттолбойт, ата мекендик тоюттарды алыңыздар

Министрлер кабинети 9 октябрь 2026 22:00
Минкаб төрагасы: Балык жеми импорттолбойт, ата мекендик тоюттарды алыңыздар
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен өлкөдө 5 500 тонна балык тоюту өндүрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада "Тянь-Шань форель", "Салих ЛТД", "Био Жем" жана "Аква Вин" ишканалары ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын жалпы жылдык кубаттуулугу 67–73 миң тоннаны түзөт. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 86–96 балык чарбасы аталган ишканалардын тоюту менен камсыз болууда.

"Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу. Бизде “өндүрүш жок” дегендер четтен чыгат. Өндүрүш жолго коюлуп иштеп баштаса аны баса калып, каралашат. Анан кантип өнүгүү болот?
5-6 импорт жем ташыган жеке компаниялардын кызыкчылыктарынан жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы ар дайым жогору турушу керек Мындан ары импорт болбойт. Балык өндүрүүчүлөр ата мекендик тоютту алыңыздар", - деди Адылбек Касымалиев.