Акыркы жылдары балык бизнеси Кыргызстанда өзгөчө популярдуу болуп жатат. Мурда ири шаарларда гана кездешкен чарбалар эми аймактарда да кулач жаюуда. Бул тармактын кирешелүүлүгүнөн кабар берет. "Кабар" агенттигинин аймактык кабарчысы Кочкор районунда балык чарбасын уюштуруп, иштин көзүн тапкан үй-бүлөлүк фермада болуп, ишкер Атай Камчыбек уулу менен маектешти.
Аталган чарба Кум-Дөбө айылында жайгашкан. Ферма мындан 5 жыл мурда негизделип, бүгүнкү күндө экинчи чарбасын да ишке киргизген. Анын жалпы аянты 1 гектарды ээлейт. Негизги багыты – кубулжума жилингирди (форель) өстүрүү.

Атай Камчыбек уулу, Кум-Дөбө айылынын тургуну, ишкер
“Быйыл 50 миңдей чабак кое берилген. Форель 3–4 килограмм салмакка жетиши үчүн орто эсеп менен бир жыл убакыт талап кылынат. Айрым учурда икрасы жок балыктар 2 жылга чейин кармалып, 6–7 килограммга чейин жетет. Азыр чабактар 300 грамм болуп калды. Эң чоң балыгыбыз 4 килограммга чейин жетет. Булар деле кадимки малдай багылат, болгону сугарбайбыз. Тоютту чет өлкөдөн алабыз, айрыкча Польшадан экспорттолот. Бул иште башында каражат жумшайсың, анан жыйынтыгын күтөсүң”, - дейт ишкер.
Сапаттуу тоют, таза суу жана туруктуу кардарлар базасы – ийгиликтин негизги башаты. Чарба жайкысын Ысык-Көл облусу менен иштешип, негизинен жергиликтүү рынокту камсыздайт. Кочкордун форели даамы менен айырмаланып, бир жеген кардар кайра кайрылат дешет фермерлер.

Атай Камчыбек уулу, Кум-Дөбө айылынын тургуну, ишкер
“Форель – лосось тукумуна кирет. Анын ондогон түрлөрүнүн ичинен Кочкордун суу-климат шартына эң ылайыктуусу – кубулжума жилингир. Бул түр бат чоңоёт жана багууга ыңгайлуу.Токмокко салыштырмалуу, Кочкордо балык чарбалары аз, бирок суу мол. Ошондуктан өстүрүүгө шарт жакшыраак. Айына бир-эки жолу атайын окууларга барып, билим алып, башка фермалар менен тажрыйба алмашып турабыз. Балык багуу идеясы агамдыкы. Азыр үй-бүлөлүк бизнеске айланды.”– дейт ишкер.

Чарба жылына 100 тоннага жакын форель өндүрөт. Учурда атайын фирмалар менен келишим түзүлүп, балык чет өлкөгө да экспорттолууда. Бул аймактагы ишкердиктин өнүгүшүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. Кочкордогу бул чарба аймактарда да заманбап, кирешелүү бизнес жүргүзсө болоруна далил.