Бишкекте балык өндүрүү жана өстүрүү боюнча семинар өттү

Коом Загрузка... 19 Февраль 2025 16:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Бишкекте "Балык өндүрүү жана өстүрүү: Биомар технологиялары жана мамлекеттик каржылоо" аталышындагы семинары өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын алдыңкы балык чарбаларынын жетекчилери, фермерлер, Балык өнөр жай комплекси департаментинин, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты.

Семинардын катышуучулары форель балыгын багуунун алдыңкы технологиялары, балыктын өсүшү, чыгашасын азайтуу, рентабелдүүлүк, балык чарбасынын ийгиликтүү учурлары жана тоюттандырууну адаптациялоо боюнча кеп-кеңештерди, ошондой эле банк кызматкерлеринен жеңилдетилген насыялар тууралуу маалымат алышты.

Семинар агроөнөр жай комплексинин өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөсү "Форель балык заводу" ЖЧКсы тарабынан уюштурулган.