Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Ош облусунда туризм тармагындагы ишкерлер жана бул багытта бизнес ачууну пландап жаткан жарандар үчүн практикалык семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада салык маселелери, жеңилдетилген насыяларды жана гранттарды алуу, туристтик объектилер үчүн жер тилкелерин ижарага алуу жана курулушка уруксат берүүчү документтерди тариздөө жол-жоболору түшүндүрүлдү.
Ошондой эле суу жээктеринде курулуш жүргүзүү талаптары, санитардык шарттар жана экологиялык коопсуздук маселелери талкууланды.
Семинардын катышуучулары мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө суроо берип, адистерден практикалык жоопторду алышты.