Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Корея абанын сапатын жакшыртуу жана атмосферанын булганышын азайтуу багытында тажрыйба алмашууда.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында эки күндүк окуу семинарын өткөрдү.
Ведомствонун маалыматына караганда, семинардын жүрүшүндө катышуучулар Кореянын абанын сапатын башкаруу системасы, булгоочу заттардын көлөмүн эсептөө жана көзөмөлдөө ыкмалары, абанын сапатын моделдөө жана булганууну азайтуу жолдору менен таанышты.
Ошондой эле Кореянын алдыңкы тажрыйбасын Кыргызстандын шарттарына ылайык колдонуу жана экологиялык саясатты өркүндөтүү маселелери талкууланды.