Касымалиев: Өлкөдө өндүрүлгөн балык жеми ички муктаждыкты толук жабат

Министрлер кабинети 9 октябрь 2026 21:20
6ac8dda34a48b.jpeg
843592244_122170167830703263_1601124890640091338_n (1).jpg
844138132_122170167818703263_7928183156658492897_n (1).jpg
841099805_122170167884703263_5716250125334881253_n.jpg
Алдыга
Артка
6ac8dda34a48b.jpeg
843592244_122170167830703263_1601124890640091338_n (1).jpg
844138132_122170167818703263_7928183156658492897_n (1).jpg
841099805_122170167884703263_5716250125334881253_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен өлкөдө 5 500 тонна балык тоюту өндүрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада "Тянь-Шань форель", "Салих ЛТД", "Био Жем" жана "Аква Вин" ишканалары ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын жалпы жылдык кубаттуулугу 67–73 миң тоннаны түзөт.

Аталган ишканалар жалпысынан 120 жумуш ордун камсыз кылып, жалпы инвестициянын көлөмү 15,83 миллион долларды түздү. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 86–96 балык чарбасы аталган ишканалардын тоюту менен камсыз болууда.

"Ишканалар боюнча негизги көрсөткүчтөргө келсек, "Тянь-Шань форель" ишканасынын жылдык кубаттуулугу 30 миң тонна болсо, 2026-жылдын 9 айында өндүрүшү 1 500 тоннаны түзгөн. Бул ишкана орто эсеп менен 18-25 балык чарбасына тоют саткан. Инвестициясы 6,83 млн долларды, жумуш орду 40–60ты түзгөн.
"Салих ЛТД" ишканасынын кубаттуулугу 4–5 миң тоннаны, өндүрүшү 2 100 тоннаны түзөт. Бул ишкана 31 чарбага тоют саткан. Анын инвестициясы 5,00 млн долларды, жумуш орду 30ду түзгөн.
"Био Жем" ишканасынын кубаттуулугу 30–35 миң тоннаны, өндүрүшү 1 300 тоннаны түзүп, орто эсеп менен 37–40 чарбага тоют саткан. Инвестициясы 4,00 млн долларды, жумуш орду 25–30ду түзгөн.
"Аква Вин" ишканасынын кубаттуулугу 3 миң тоннаны, өндүрүшү 600 тоннаны түзгөн.
Ошентип, жалпы төрт ишкананын кубаттуулугу 67–73 миң тоннаны, өндүрүшү болсо 5 500 тоннаны түзгөн.
Орто эсеп менен 86–96 балык чарбасын тоют менен камсыз кылышкан. Жалпы инвестициясы 15,83 млн доллар.
Тоюттун курамына келе турган болсок, анын 25% жергиликтүү кошулмалардан турат. Ага жүгөрү жана жүгөрү белогу, буудай уну, крахмал, минералдык кошулмалар кирет. Калган 75% импорттолгон кошулмалардан турат. Ага балык уну, соя майы жана шроту, астаксантин, амин кислоталары, премикстер кирет.
Жыйынтыктап айтканда, жергиликтүү өндүрүш 2022-жылдагы 590 тоннадан 2026-жылдын 9 айында 5 500 тоннага чейин өскөн.
Импорт 2022–2023-жылдары эң жогорку чекке жетип, 12,5–12,9 миң тоннаны түзгөн. Экспорттун 75%ын форель тоюту түзөт.
Жергиликтүү жана сырттан келген балык тоюттарынан проба алып, Алматыга экспертизага жиберип, жыйынтыгын алдык. Эч кандай айырма аныкталган жок. Сапаты бирдей болуп чыкты.
Өзүбүздөн чыккан жемдин сапаты начар деген жалган шылтоону токтоткула. Өзүбүздө өндүрүлгөн балык жеми өлкөдөгү чарбалардын муктаждыктарын толук жапкандан сырткары, экспортко чыгарууга да жетет.
Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу. Бизде “өндүрүш жок” дегендер четтен чыгат. Өндүрүш жолго коюлуп иштеп баштаса аны баса калып, каралашат. Анан кантип өнүгүү болот?
5-6 импорт жем ташыган жеке компаниялардын кызыкчылыктарынан жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы ар дайым жогору турушу керек Мындан ары импорт болбойт. Балык өндүрүүчүлөр ата мекендик тоютту алыңыздар", - деп жазды минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев.