Касымалиев Бишкектеги объекттердин курулушу менен таанышты

Министрлер кабинети
6ae9c1171ed9c-thumb.jpg
6ae9c116d95b3-thumb.jpg
6ae9c11626624-thumb.jpg
6ae9c116cee85-thumb.jpg
6ae9c1173e283-thumb.jpg
6ae9c11657d37-thumb.jpg
6ae9c11758cba-thumb.jpg
6ae9c1179278b-thumb.jpg
6ae9c11657016-thumb.jpg
6ae9c114d8a87-thumb.jpg
6ae9c114eeecc-thumb.jpg
6ae9c115b3fd9-thumb.jpg
6ae9c115b3049-thumb.jpg
6ae9c11571ffe-thumb.jpg
6ae9c11626cf6-thumb.jpg
6ae9c115351ff-thumb.jpg
6ae9c115357f9-thumb.jpg
6ae9c11570696-thumb.jpg
6ae9c11626624-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6ae9c1171ed9c-thumb.jpg
6ae9c116d95b3-thumb.jpg
6ae9c11626624-thumb.jpg
6ae9c116cee85-thumb.jpg
6ae9c1173e283-thumb.jpg
6ae9c11657d37-thumb.jpg
6ae9c11758cba-thumb.jpg
6ae9c1179278b-thumb.jpg
6ae9c11657016-thumb.jpg
6ae9c114d8a87-thumb.jpg
6ae9c114eeecc-thumb.jpg
6ae9c115b3fd9-thumb.jpg
6ae9c115b3049-thumb.jpg
6ae9c11571ffe-thumb.jpg
6ae9c11626cf6-thumb.jpg
6ae9c115351ff-thumb.jpg
6ae9c115357f9-thumb.jpg
6ae9c11570696-thumb.jpg
6ae9c11626624-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы бир катар объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Атап айтканда, минкаб төрагасы мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордунда курулуп жаткан маданий борбордун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Имаратта 6 кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана көп функциялуу жайлар каралган.

Мындан тышкары, долбоор боюнча эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жайдын курулушу да каралган. Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо иштери, аймакты көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайдын курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорду ушул жылдын аягында аяктоо пландалууда.

Андан соң минкаб төрагасы Бишкек шаарынын Чыгыш айланма автомобиль жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорго ылайык, жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Ал төрт тилкелүү болуп, жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метрди, жол жээги 2,5 метрди түзөт. Долбоор ошондой эле ири инженердик курулмаларды, татаал жол айрыктарды жана көпүрөлөрдү курууну да камтыйт.

Таанышуунун жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жооптуу мамлекеттик органдарга жана подряддык уюмдарга курулуш иштеринин тиешелүү сапатын камсыз кылууну, курулуш нормаларын жана стандарттарын так сактоону, ошондой эле долбоорлорду белгиленген мөөнөттө аяктоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.