Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана жана БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Татьяна Молчан менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) Экономикалык форумунун алкагында орун алды.
Минкаб төрагасы алардын сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп, анын Кыргыз Республикасынын БУУ менен болгон кызматташуусун, анын ичинде СПЕКАнын алкагында мындан ары чыңдоо үчүн маанисин баса белгиледи жана СПЕКА жумалыгына жеке катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар аймактык экономикалык интеграцияны чыңдоо, транспорттук байланышты жана логистиканы өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыгында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Минкаб төрагасы биргелешкен демилгелерди практикалык ишке ашырууда СПЕКАнын Көп тараптуу максаттуу фондунун ролун белгиледи. Ал өлкөнүн аймак мамлекеттери үчүн өз ара кызыкчылык туудурган демилгелерди ишке ашырууда БУУнун түзүмдөрүнүн активдүү катышуусуна кызыкдар экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Армида Салсия Алишахбана жана Татьяна Молчан аймактык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, белгиленген багыттар боюнча СПЕКАнын алкагында Кыргыз Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экенин билдиришти.
Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев БУУнун ЕЭК жана ЭСКАТО менен өз ара аракеттенүү СПЕКАнын алкагында кызматташуунун практикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактык экономикалык интеграцияга кошумча дем берүүгө мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.