Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Комор Аралдары союзунун тышкы саясий ведомствосунун башчысы Мбае Мохамед менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу пландарын, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Министрлер өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташып, туруктуу байланыштарды сактоону макулдашты.