Кыргызстан менен Иран инновация жана технология жаатында кызматташат

Экономика
1.jpg
855559892_1447535350806299_7069567103155630897_n.jpg
855759123_2796321364139847_9061912193134557148_n.jpg
860649297_3051821125157916_7055640329851251955_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
855559892_1447535350806299_7069567103155630897_n.jpg
855759123_2796321364139847_9061912193134557148_n.jpg
860649297_3051821125157916_7055640329851251955_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Иран инновация жана технология жаатында кызматташат. Маселе экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын Ирандын вице-президенти Эсфандияр Эхтияри менен жолугушуусунда талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу Креативдүү экономика боюнча 5-дүйнөлүк конференциянын алкагында өттү.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, санариптик технологияларды жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле технологиялык парктар, илимий мекемелер жана ишкер чөйрөлөр ортосунда байланыш түзүү, стартаптарды колдоо жана биргелешкен инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар илим, технология жана экономика тармактарында практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө макулдашты.