Кыргызстанда картошка менен сүт арзандады – мониторингдин жыйынтыгы

Экономика Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 12:25
1784792083-11784791170-1lkq1mas.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Россия жана Казакстандагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.

Ага ылайык, Кыргызстанда акыркы мониторингдин жыйынтыгында күрүчтүн баасы 4,4%, импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 3,6%, күн карама майы 2,3%, каймак май 1,4%, кой жана уй эти 0,9%га жогорулаган.

Ошол эле учурда сабиздин баасы 1%, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну 0,8%, картошка 0,8%, пияз 0,6% жана пастерленген сүт 0,2%га арзандаган.

Казакстанда көпчүлүк негизги азык-түлүк товарларынын баасы төмөндөгөнү байкалса, Россияда кумшекердин баасы 1,8%га өскөн. Калган бир катар азыктар, анын ичинде картошка, пияз, жумуртка, күрүч жана эт азыктары арзандаган.

Министрлик мындай мониторинг азык-түлүк рыногундагы баалардын өзгөрүшүнө талдоо жүргүзүү жана абалды көзөмөлдөө максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын белгиледи.